Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

Пан Ги Мун климаттын өзгөрүшүнө көңүл бурууга үндөдү


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Катарда өтүп жаткан жыйында дүйнө үчүн аномалдуу аба ырайы көнүмүшкө айланып баратканын жана өлкөлөр жаратылыш кырсыктарына каршы турууга даярданышы керектигин билдирди. Баш катчы климаттын өзгөрүшүнө алып келген “буу газдарын” азайтуу үчүн жаңы келишим түзүүнү сунуштады. Ал Арктикадагы муздардын эриши, “супер бороондордун” пайда болушу каатчылыктын белгиси деп сыпаттап, климаттын өзгөрүшү ар бир өлкөгө тиешелүү деп белгиледи. Катардын борбору Дохада Киото протоколун узартууга арналган жыйын жума күнгө чейин созулат. (KKs)
XS
SM
MD
LG