Мындай демилге бүгүн Европа биримдигинин ички иштер комиссары Сесилия Мальмстрем менен АКШнын башкы прокурору Эрик Холдор катышкан Брюсселдеги жыйында талкууланганы жатат. Бул альянс интернеттеги балдар порнографиясы менен сексуалдык зомбулуктун курмандыктарын аныктоону, “онлайн педофилдерди” кармоону максат кылат. Бул демилгеге Евробиримдиктин 27 өлкөсү, АКШ жана дагы 20 мамлекет кошулууда. (KKs)