Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

ШКУ жыйынында бир катар документтерге кол коюлду


Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчылардын жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Жыйынга катышып жаткан кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызынын маалымдашынча, өкмөт башчылар ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча кызматташуусун бекемдөө боюнча меморандумга жана чукул кырдаалдарда биргелешип жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюшту.

Мындан тышкары уюмдун бюджети, бир жылдык иши боюнча отчет угулуп, 2013-жылга долбоор каралды. Ошондой эле 2012-2016-жылдар аралыгында ишке ашырыла турган долбоорлор талкууланып, ШКУнун алкагында өнүктүрүү банкын жана фонд түзүү боюнча иштерди баштоо боюнча чечим кабыл алынды.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG