Ага ШКУга мүчө өлкөлөрдөн орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Кытай премьер-министри Вэн Цзябао, Казакстандын өкмөт башчысы Серик Ахметов, тажик премьери Акил Акилов, Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов катышты.. Ошондой эле бул саммитке Монголия, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индиянын жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү байкоочу катары катышты
Саммитте өкмөт башчылар бажы кызматтарынын интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча кызматташуусун бекемдөө боюнча меморандумга жана чукул кырдаалдарда биргелешип жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюшту.
Мындан тышкары уюмдун бюджети, бир жылдык иши боюнча отчет угулуп, 2013-жылга долбоор каралды. Ошондой эле 2012-2016-жылдар аралыгында ишке ашырыла турган долбоорлор талкууланып, ШКУнун алкагында өнүктүрүү банкын жана фонд түзүү боюнча чечим кабыл алышты.
Бишкектеги саммитте ШКУнун баш катчысы да алмашып, бул кызматты Муратбек Иманалиев Орусиянын өкүлү Дмитрий Мезенцевге өткөрүп берди.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев саммитте негизинен экономикалык маселелерге басым жасалганын билдирди.