Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Прокурор олимпиадачы Тыныбекованы 4 жылга эркинен ажыратууну сурады


Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекованын иши каралды. Анда мамлекеттик айыптоочу Тыныбекованы соттон 4 жылга эркинен ажыратууну суранды. Соттун чечими 6-декабрда чыгарылат.

Тыныбековага быйыл апрель айында бейбаштык кылды деп кылмыш иши козголгон. Эркин күрөш боюнча спорт чебери курбусу менен быйыл жазында 17 жаштагы Бишкектин тургунун сабап, анын денесине залал келтирген деп айыпталууда.

Айсулуу Тыныбекова быйыл август айында кыргыз кыздарынан биринчи болуп эркин күрөш боюнча Лондон олимпиадасына катышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG