Бүгүн Кыргызстан менен Орусия ортосунда 25 миллион доллар кайтарымсыз жардам боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Келишимге кыргыз тараптан финансы министри Ольга Лаврова, Орусиядан финансы министринин орун басары Сергей Сторчак кол койду. Эми бул каражат Кыргызстандын бюджетин колдоого жумшалат.
16-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен телефондон сүйлөшүп, анда орус премьери Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн кайтарымсыз жардам убада кылган.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы бюджет таңкыстыгы 21 миллиард сомдон ашса, келерки жылкы бюджет таңкыстыгы 17 миллиард сомго жакын болоору болжолдонууда. Мындан улам өкмөт казына таңкыстыгын жөнгө салуу үчүн 3,5 миллард сомго чейинки каржылоону кыскарта турууну сунуштап жатат.(BkA)