Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Казакстанда оппозициячыл дагы бир сайт жабылды


“Guljan.org” сайтынын баш редактору Гүлжан Эралиеванын билдиришинче, Алматынын соту аталган сайтты 3 айга жабуунун жүйөсүн ачык айтпай койгон.
Өткөн айда прокурорлор эки оппозициячыл уюмду жана ондогон басылмаларды экстремист деп, алардын ишин тыюну сунуштаган. Ошондон кийин расмий каттала элек “Алга” партиясы жана үч басылманын ишине тыюу салынган. Октябрда “Алганын” ана башы Владимир Козлов Жаңы-Өзөн шаарында былтыр болгон тополоңго тиешеси бар деп, 7 жарым жылга кесилген. Оппозициянын айтымында, Козлов саясый жүйөдөн улам соттолгон. Тыйылган басылмалар Жаңы-Өзөн окуяларын жана Козловдун сотун такай жазып турушкан эле.

2010-жылдын декабрь айында Жаңы-Өзөндөгү мунайчылардын нааразылык акциясын басуу маалында 17 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG