Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Дүйнөдө эң узак жашаган 116 жаштагы Бэсси Купер дүйнө салды


116 жаштагы Бэсси Купер шейшемби күнү Кошмо Штаттардын Жоржия штатындагы Монро шаарында түбөлүк уйкуга кеткенин уулу маалымдады. Былтыр январда дүйнөлүк рекорддорду каттаган "Гиннес" китеби Бэсси Купер 1896-жылы 26-августта Теннесси штатында туулганын тастыктаган. Байбиченин күйөөсү Лютер Купер 1963-жылы көз жумган. Жубайлар ага чейин 40 жыл чогуу жашаган. Байбиченин артында төрт небереси жана 12 чөбөрөсү калды.

Эми дүйнөнүн эң улгайган адамы деген титул АКШнын Айова штатынын тургуну 115 жаштагы Дина Манфрединиге өттү. Дина байбиче 115 жыл 244 күн мурда Италияда төрөлгөн. Дүйнөнүн эң кары карыясы деп, жапон Дзироэмону Комуре эсептелет. Бүгүн карыянын туулганына 115 жыл 229 күн болду.

XS
SM
MD
LG