Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:14

Египетте саясий тиреш уланууда


Египет президенти Мухаммед Мурсинин тарапкерлери жана каршылары өз санаалаштарын президент сарайынын маңдайына демонстрацияга чыкканга үндөшүүдө. Оппозициячыл уюмдар президенттин бийлик укугун ашыкча күчөткөнүнө жана жаңы конституциянын долбоорун өз союздаштарына гана таянып, иштеп чыкканына  нараазы. “Мусулман агайиндер” тарапкерлерин президентти колдогонго чакырышууда.

 Шейшемби күнү кечинде аксарайдын алдына чогулган 10 миңдеген демонстранттар Мурсинин президенттин укугун кеңейткен декретин жокко чыгарууну жана башмыйзамдын долбоорун бекитпей койо турууну талап кылышкан. 15-декабрда жаңы конституция жалпы элдик референдумга коюлат.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон бүгүн конституция боюнча сүйлөшүү өткөрүү жана өлкөдөгү бардык жарандардын укуктарын урматоо зарыл деп билдирди.

 

XS
SM
MD
LG