Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

КМШнын Ашхабаддагы жыйыны соңуна чыкты


Ашхабадда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги - КМШ лидерлеринин саммити бүттү. Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз өкүлү Дмитрий Песьковдун журналисттерге маалымдашынча, президенттер террорчулукка каршы күчтөр чогуу машыксын жана маң аткезчилиги, терроризм, жикчилик, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташалы деп макулдашты. КМШ өлкөлөрүнүн финансылык чалгындоо кызматтарынын ишин координациялоо жагын талкуулашты. Саммитке КМШга мүчө 11 мамлекеттин тогузунун лидерлери барды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ашхабадга барбоо себебин тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Нуржигит Кадырбеков мамлекет башчынын "күн тартибинин жыштыгы, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйыны жана Кытай премьер-министри Вэн Цзябаонун визити менен түшүндүрдү. Ошондон улам Ашхабаддагы саммитке 1-чи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев тиешелүү "ыйгарым укуктар берилип" барган.
1-январдан тарта КМШга төрагалыкты Түркмөнстан Беларуска өткөрүп берет.

XS
SM
MD
LG