Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин талкуулайт


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында бюджеттин аткарылышы боюнча Каржы министрлигинин маалыматын угуп, келерки жылга даярдалган бюджет долбоорун талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевден баштап, дээрлик бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, келерки жылы бюджеттин кирешесин негизинен бажы жана салык төлөмдөрү түзөт. Бажы кызматы келерки жылы 36 млрд. 670 сом топтойт. Бул өткөн жылга салыштымарлуу 5 млрд. 600 млн. сомго көп. Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиевдин сөзү боюнча, 2013-жылы 39 млрд. 946 млн. сом салык жыйналат. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 4 млрд. 113 млн. сомго көптүк кылат. 2013-жылы бюджет тартыштыгы 17 млрд. сомдон ашат деп болжолдонууда. (AiT/KKs)

XS
SM
MD
LG