Ооганстан Кыргызстан менен CASA-1000 долбоорунун алкагында кызматташууга кызыкдар экенин ооган вице-президенти Мохаммад Карим Халили кечээ кыргыз премьери Жантөрө Сатыбалдиев менен Бишкектеги жолугушуусунда билдирди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, эки тарап Чоң жана Кичи Памирде жашаган кыргыздардын абалын жакшыртуу маселесин да талкуулашты.
Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан, Пакистанга электр энергиясын сатуу боюнча түзүлгөн CASA-1000 долбоору 2014-жылдын февралында башталаары кабарланган. (KKs)