Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Депутаттык топторду түзүү демилгеси талкуу жаратты


“Жогорку Кеңештин депутатынын макамы” жөнүндө мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр парламенттин кечээки жыйынында кайчы пикирлерди жаратты. Мыйзам долбооруна ылайык, депутаттар фракциялардан бөлүнүп, өз ара топ түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Айрымдар жаңы өзгөрүүлөр парламентте пикирдеш депутаттардын бирдиктүү иштешине шарт түзөт дешсе, каршы тарап эл өкүлдөрүнүн өз ара топ түзүп кетиши партиялык системага каршы келет деп билдиришти. Мыйзам долбоордун баяндамачысы, Жогорку Кеңештин регламент жана депутаттык этика боюнча комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, бул мыйзам долбоору фракцияларда дагы бир жолу каралып чыга турган болду. Буга чейин Жогорку Кеңеште бейрасмий депутаттык топтор түзүлгөнү маалым. (KKs)

XS
SM
MD
LG