Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

“Челси” өз тобунан чыкпай калды


Европанын Чемпиондор лигасынын тарыхында биринчи жолу азыркы чемпион - Лондондун “Челси” футбол командасы өз тобунан чыкпай калды. “Челси” даниялык “Норшелланн” клубунун футболчуларын 6:1 эсебинде жеңсе да, кийинки оюндарга катышпай турган болду. Лондондук бул клуб оюнду улантууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн E тобундагы украиналык “Шахтер” командасы италиялык “Ювентусту” жеңүүгө тийиш эле. Соңку эки команданын беттешүүсүндө “Ювентус” утуп кетти. Натыйжада “Челси” өз тобунда үчүнчү болуп калды.

Ноябрда “Челсинин” футболчулары “Ювентус” клубуна жеңилип, Роберто Ди Маттео команданын башкы машыктыруучулугунан айдалган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG