Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Сербиянын НАТОдогу өкүлү өз жанын кыйды


Сербиянын НАТОдогу элчиси Брюссель аэропортундагы машина токтотуучу имараттан секирип, өз жанын кыйды. Серб премьер-министри Ивица Дачич элчи Бранислав Милинковичтин өз өмүрүнө кол салышын “өтө кайгылуу окуя” деп сыпаттады. Ал Милинкович эмне үчүн жашоодон аша чапканы белгисиз экенин кошумчалады. Бул окуя НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселде өтүп жаткан жыйынына туш келди.

Сербиядагы жергиликтүү медиа Милинкович серб тышкы иштер министринин көзүнчө көп кабатуу үйдөн секирүүнү көздөгөнүн кабарлап жатышат. Сербия НАТОнун мүчөсү болбосо да, уюмдун Брюсселдеги штабында өкүлчүлүгү бар. Милинкович көп жылдан бери кызмат кылган дипломат катары 2009-жылы НАТОдогу элчи болуп дайындалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG