Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Египетте Мурсинин тарапкерлери менен оппозиция кагылышты


Шаршембиде Каирдеги президенттик резиденциянын алдында президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен анын каршылаштары кагылыша кетти. Тирешүү полициянын кийлигишүүсү менен гана токтоду. Алгач президентти колдогондор оппозицияга чабуул койгондон кийин эки тарап бири бирине күйүүчү май толтурулган бөтөлкө ыргыта баштаган. Демонстранттар Мурсинин өткөн айда өз ыйгарым укуктарын ашыкча кеңейтишине жана исламчыл өнөктөштөрү колдогон конституциянын жаңы долбооруна нааразы.

Соңку элдик толкундоолорго карабастан, Египеттин вице-президенти Махмуд Мекки конституциянын долбоору боюнча референдум белгилеген күнү болот деп билдирди. Ал 15-декабрга чейин конституциянын талаштуу беренелери оппозиция менен талкууланышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Оппозиция лидери Мохаммед эл-Барадей Мурсини күч колдонуп жатат деп айыптап, бирок анын тарапкерлери диаологго даяр экенин билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG