Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Айсулуу Тыныбекова эки жылга шарттуу кесилди


Бул тууралуу “Азаттыкка” олимпиадачы Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Кечээ Бишкектин Ленин райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу Тыныбекованы соттон 4 жылга эркинен ажыратууну суранган. Кыргыз кыздарынан биринчи жолу эркин күрөш боюнча Лондон олимпиадасына катышкан Тыныбековага быйыл апрель айында “бейбаштык кылды” деп кылмыш иши козголгон. Балбан кыз курбусу менен 17 жаштагы Бишкектин тургунун сабап, анын денесине залал келтирген деген айып тагылган. Тыныбекова күнөөнү мойнуна алган эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG