Жалал-Абад шаардык соту Сузак районундагы малдын күр кырылышы боюнча ишти бүгүн карай баштады. Облустук прокуратура козгогон кылмыш иштин алкагында 11 адамга, анын ичинде беш мамлекеттик кызматкерге айып тагылган. Кырсыктын айынан малчылар 12 миллион сомго жакын чыгаша тарткан. Анын теңи кайтарылды.
Ушул жылдын сентябрь айында Сузак районунда чечек оорусуна каршы дары менен эмделген койлор кырыла баштаган. Буга Өзбекстандын жаранынан алынган вакцина себеп болгон. Ийне сайган жергиликтүү мал догдур ал адамдан 4 миңдей доза дары сатып алган. Вакцина негизинен 2900дөй койго сайылган. (EBM)