Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Министрдин орун басары менен айтышкан ИИМ кызматкери сөгүш алды


Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев баштаган сегиз кызматкери сөгүш алды. Аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, Сатыбалдиев кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө оперативдүү жыйынды үзгүлтүккө учуратканы, ички иштер органдарынын тартип уставын жана кесиптик этикасын бузганы аныкталды.

Буга чейин Сатыбалдиев оперативдүү жыйында ички иштер министринин орун басары Болот Абакиров менен айтыша кетип, жыйындан айрым кызматкерлер менен чыгып кеткени тууралуу маалымат тараган. Сатыбалдиев өзү бул окуя боюнча комментарий бере элек.

ИИМдин ичинде айрым бир структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу пикир келишпестиктер орун алып жатканы тууралуу маалыматты аталган министрликтин басма сөз өкүлдөрү тастыктаган жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG