Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:57

Ак-Суу: айрым добушканаларда бюллетендер кайра саналат


Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Ысык-Көлдөгү Ак-суу районундагы үч шайлоо участкасында добуштар кайра саналат. Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын аймактагы өкүлү Мира Абдраимова билдирди. Ага ылайык, № 3135, 3137, 3122 шайлоо участкалары боюнча арыз даттануулар көп түшкөн. Ошондой эле шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү байкоочуларга протоколду берген эмес. “Андан сырткары 25-26-ноябрдагы даттануулар тиркелген актыларды каттабай коюшкан”, - дейт Абдраимова.

Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында 25-ноябрь күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жарыялана элек. (MK)

XS
SM
MD
LG