Баткендин Лейлек районунда 1-декабрда башталган кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүү 6-декабрда жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн маалымдашты. Бир жумага созулган жыйында паритеттик комиссия чек арада тактала элек жерлерди кыдырып, карап чыгышты.
Эки өлкө чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталганына 11 жылдай болгону менен Баткен облусунун Тажикстанга чектеш 700 чакырымдай чек ара тилкесинин 400 чакырымдайы алиге тактала элек. Чек аралардын такталып бүтө электиги кошуна жашаган эки элди ар кандай келишпестиктерге, чыр-чатактарга алып келген учурлар бар. (JsA)