Жергиликтүү өкүлдөрдүн айтымында, министр Владислав Дядченко бүгүн ооруканага жаткырылды. Орусиянын ички иштер министрлиги билдиргендей, белгисиз адамдар Дяченконун үйүнүн жанында бомба коюшкан. Дядченко жумурияттын баш калаасы Нальчиктеги үйүнүн короосунан машинасын айдап чыкканда бомба жарылган.
Мындан бир нече саат мурда белгилүү тележурналист Казбек Геккиевди белгисиз адамдар атып кетишкен. Кесиптештери Геккиевдин үйүнө баратканда ок жегендигин айтышууда. Ал иштеген телеканалдын жетекчилиги «экстремисттер» башка эки кызматкерди да өлтүрөбүз деп коркутканын тастыктады. Түндүк Кавказда исламдын экстремисттик багытын карманган согушкерлер өкмөт өкүлдөрүнө, полицияга жана сабырдуу турумду карманган мусулмандарга каршы террордук кол салууларды уюштуруп келишет.