Күбөлөрдүн айтымында, Каирдеги президенттик ак сарайдын сыртында аз дегенде үч танк жана бир нече чопкуттуу унаа жайгаштырылды. Мунун алдында президент Мухаммад Мурсинин колдоочулары менен оппоненеттеринин ортосундагы кагылышта үч киши набыт болуп, 350сү жараат алганын саламаттык министрлиги бышыктаган. Мурсинин оппоненттери президенттин өзүнө дээрлик чексиз бийлик алган жардыгына жана исламчылар көзөмөлдөгөн парламентте жетиштүү коомдук талкуусуз эле конституциянын жаңы долбоору жактырылганына нааразы болушууда. Президенттин кризисти жөндөй албагандыгына нааразы болгон Мурсинин үч жардамчысы кызматынан кетти.