Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Германиянын өкмөтү Түркияда ракета жайгаштырууну жактырды


Германиянын өкмөтү Сирия коркунучуна байланыштуу Түркияга абадан коргоочу "Патриот" системасын берүүгө макул болду. НАТО ушул аптадагы жыйынында Анкаранын ракета системасын жайгаштыруу өтүнүчүн канааттандырууга макулдашкан эле. Германия Түркияга 400 аскер карай турган эки ракета батареясын алдыдагы бир нече жуманын ичинде жөнөтөт деп күтүлүүдө. Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле ракета жиберүү сунушу парламентте кеңири колдоого ээ болот деген ишенимин билдирди.

XS
SM
MD
LG