БУУнун баш катчысы Пан Ки-мун Багдадга Ирактын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө келди. Ирак сыналгысы билдиргендей, Пан Ки Мун тышкы иштер министри Хошяр Зебару менен сүйлөштү, бирок алар эмне жөнүндө пикир алмашканы кабарланган жок. Баш катчы мунун алдында Кувейтте болгон эле.
Ирак 1990-жылы Кувейтке басып киргендигине байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген маселелер кала берүүдө. Кечээ Кувейтте Пан Ки Мун «эки коңшунун ортосундагы кызматташтыктын жаңы доорун баштоого мезгил келгендигин» баса белгилеген. Баш катчы ошондой эле Ирактын федералдык өкмөтү менен автономдуу күрт аймагынын ортосундагы мамилени да талкуулайт деп күтүлүп жатат.