АКШнын Кыргызстандагы элчилиги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин орусиялык “Коммерсант” гезитине берген маалыматына жооп кылып, америкалык күчтөр Ооганстандан чыгарылганда Кыргызстанга өлүмгө алып келбөөчү техникалар гана берилерин кабарлады. Элчиликтин басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө техникаларды берүү маселеси эки тараптын коопсуздук багытындагы муктаждыгы жана макулдугуна жараша чечилери айтылган. Ошондой эле азыр америкалык согуштук куралдарды Кыргызстанга берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөнү белгиленген.
Жантөрө Сатыбалдиев “Коммерсант” гезитине маегинде АКШдан согуштук техникалар боюнча сунуштар түшкөнүн билдирген. Бирок конкреттүү бир техника же курал жөнүндө сүйлөшүүлөр болгон жок деп кошумчалаган. (KKs)