Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

2013-жылы бюджет тартыштыгы 4,7 миллиард сомго азаят


2013-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы быйылкы жылга салыштырмалуу 4 миллиард 788 миллион сомго кыскарат. Экономика министри Темир Сариевдин парламенттин кечээки жыйынында билдиришинче, келерки жылы калкка кызмат көрсөтүү тармагындагы өсүү 45 пайызды түзөт. Токмоктогу «Интергласс» ишканасындагы өндүрүш эки эсе жогорулайт. Быйыл иши үзгүлтүккө учураган «Кумтөр» кенинде 17 пайыз өсүш күтүлүп, беш-алты кенде көбүрөөк алтын өндүрүлөт. Натыйжада келерки жылы бюджеттин кирешеси 86 миллиард 288 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 103 миллиард 218 миллион сомду түзмөкчү. Бюджет тартыштыгы 16 миллиард 930 миллион сомду түзөт деп болжолдонууда.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, кечээ эл өкүлдөрү 2013-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда кабыл алды. (KKs)

XS
SM
MD
LG