Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:29

Мусулмандар курултайына делегаттар шайланып бүттү


Кыргызстан муфтийинин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 15-декабрда өтүүчү мусулмандардын курултайына делегаттар дээрлик шайланып бүттү. Маалыматка ылайык, курултайга республика боюнча эки жүз делегат келет. Анда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын жаңы уставы кабыл алынып, уламалар кеңешинин жаңы мүчөлөрүн шайлоо болот жана муфтийдин талапкерлиги каралат. 2010-жылдагы апрель окуясынан бери муфтийди шайлоо жана ажылыкты уюштуруу иштери боюнча мусулман коомчулугунда карама-каршы пикирлер орун алып келатат. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG