Бүгүн Бишкекте Футбол федерациясынын президентин шайлоо өтөт. Федерациядан “Азаттыкка” кабарлашкандай, жетекчиликке президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы делген “Футболду өнүктүрүү корунун” жетекчиси Семетей Султановдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Жыйын жабык өтүп, анда өлкөдөгү футболдун абалы да талкууланмакчы.
Футбол федерациясынын президенти, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен. Ошондон бери федерацияны чет жерде туруп башкарып, ФИФА жыйындарына, Азия футбол конфедерациясынын иш-чараларына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып келген. (KMa/KKs)