8-декабрда Бишкекте Кыргызстан журналисттеринин “Жалпыга маалымдоо каражаттары: Эркиндик жана жоопкерчилик” аттуу республикалык конференциясы өткөрүлөт. Иш-чара ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлап, учурдагы Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү максат кылат. Конференцияда ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын төрагасы Шамарал Майчиевдин отчету окулуп, андан соң комиссиянын мүчөлөрү шайланат.
Мындан сырткары өз докладдары менен «Азаттык» радиосунун Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Жумагулов (темасы: “Кыргызстан ЖМКлары: Эркиндик жана жоопкерчилик”), публицист Кубан Мамбеталиев (темасы: «Журналисттердин социалдык кепилдиктери”), Кыргызстан ЖМК кызматкерлер профсоюзунун төрайымы Мэри Бекешова (темасы: «ЖМКнын ээлери менен журналисттердин ортосундагы эмгек мамилелери”) чыгып сүйлөшөт.
Конференция Бишкектеги Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясы, “Маалымат укугу борбору” коомдук биримдиги жана «Журналисттер» коомдук биримдиги тарабынан уюштурулууда. (SJ/KKs)