Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:55

Таласта милиция добушкананын төрайымын таппай жатат


Талас шаардык милиция №6108 шайлоо участкасынын төрайымы Гүлнара Камалдинованын кайда экенин аныктап жатканын “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин Камалдинова онкологиялык илдетинен улам ооруканага жатат деп айтылган. Бирок тергөөчүлөр аны ооруканадан тапкан эмес.

Бул шайлоо бекетте 25-декабрь добуш берүү күнү жүздөн ашык бюллетень жоголуп кетип кийин кайра табылган. Шаардык милиция табылган 91 бюллетендин 14ү КСДПга, калган 77си “Замандаш” партиясына берилгенин маалымдаган. Бул факт боюнча Камалдиновага каршы кылмыш иш козголгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын 3 мүчөсү Таласка барып, талаштуу айрым шайлоо бекеттерде добуш берүүнү кайра санап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG