Сот процесси Жаныш Бакиевдин адвокатынын аны коргоодон баш тартканына байланыштуу 13-декабрга калды. Бүгүн мурдагы президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевдин үстүнөн сот иши башталмак.
26-ноябрда сот Садыркуловдун өлүмү боюнча айыпталган 7 адамдын экөөнү мунапыстын негизинде бошотуп, калгандарын 5 жылдан 18 жылга эркинен ажыраткан. Учурда Беларуста жүргөн Бакиевдердин иши болсо өзүнчө бөлүнүп каралганы жатат.
Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-жетекчиси Сергей Слепченконун сөөгү 2009-жылдын март айында шектүү жагдайда күйүп кеткен машиненин ичинен табылган. (EBM)