Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:50

Экс-министр өзүнө козголгон кылмыш ишти чагым деп атады


Мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров өзүнө каршы козголгон кылмыш ишке байланыштуу бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Анда бул ишти министр катары жаманатты кылууну каалаган күчтөрдүн чагымы деп атады. Министр болуп келгенге чейинки коррупциялык айла-амалдардын курмандагы болуп калганын айтты. Башкы прокуратураны кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарды деп айыптады.

Сабиров бала асыроо тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, өткөн айда биринчи инстанцияда акталып чыккан болчу.

Башкы прокурор Аидя Салянова Сабировдун коррупциялык аракеттерге аралашканын тастыктаган далилдер жетиштүү экенин билдирген. Прокуратура Биринчи май райондук соттун экс-министрди актаган чечимине макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Шаардык сот бул арызды качан териштирээри азырынча анык боло элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG