Бишкекте кийизден жасалган саркеч кийимдердин көргөзмөсү өттү. ObbO кийимдер бренди уюштурган бул иш-чарада жаш дизайнер Нургүл Артыкбаеванын колго жасалган кыркка жакын эмгеги көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды.
Нургүл Артыкбаеванын “Азаттыкка” айтымында, ал кол өнөрчүлүктүн бул түрү менен 7-8 жылдан бери алектенип келатат. Франция, Англия жана башка өлкөлөрдө туруктуу кардарлары бар. Негизинен жибек менен эң жогорку сапаттагы кийизден айкалыштырып жасалган сырт кийимдер, түрдүү аксессуарлар, буюмдарды өзүнүн чакан студиясында жасайт.
Мен жумшак кылып, кийизден болсо да кийиле тургандай кылып жасаганга аракет кылам.
Артыкбаева өзү журналисттик кесиптин ээси. Эмгектери айтылуу Третьяков галереясына чейин жеткен сүрөтчү мекендешибиздин кызы. Өзү Чуйков атындагы көркөм өнөр окуу жайынын бүтүрүүчүсү.
ObbO кийимдер брендинин негиздөөчүсү Сумсарбек Мамыралиев быйыл январда "Азаттыкка" маегинде этностилдин келечеги тууралуу ой бөлүшүп, 5-7 жылдан кийин өзүнчө кыргыз стили калыптанаарын, бул үчүн мээнет керек деген пикирин айткан. (RK)