Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:51

Атамбаев: Жакынкы 5 жылда ички дүң өнүм 2 эсе көбөйүшү керек


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстандын жакынкы беш жылдагы өнүгүү стратегиясын жарыялап жатып, ички дүң өнүм эки эсе көбөйүшү, кошумча 350 миң жумушчу орун түзүлүшү керектигин билдирди. 2017-жылга чейин жакырчылыкты 12 пайыз төмөндөтүү зарылдыгын айтып, орточо айлык 26 миң сом болушу керектигин белгиледи. Атамбаев бул максатка жетүү үчүн бийликтин бардык бутагын, ишкерлерди жана жарандык коомдун башын бириктирген атайын көзөмөлдөөчү орган керектигин, мындай орган Экономикалык өнүгүү боюнча улуттук кеңеш болоорун кошумчалады.

Президенттин стратегиясы боюнча беш жылда 50 миң гектардан ашык жаңы сугат жер пайдаланууга берилет. Эмдиги жылдан тарта насыялар 1,5 эсе азаят. Атамбаев айрыкча чакан насыя берүү ситемасын сынга алды.

Президенттин “жол картасы” эми коомдо эки жума талкуулангандан кийин, алымча-кошумчалар менен Улуттук кеңештин экинчи жыйынында кабыл алынышы керек. Ноябрь айында президенттин жардыгы менен түзүлгөн бул кеңеш бүгүн алгачкы жыйынга чогулду. (EBM)

XS
SM
MD
LG