Президент Алмазбек Атамбаев өнүгүү стратегиясын жарыялап жатып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгын терең анализдөө зарыл деп билдирди. Анын айтымында, саясий күрөштө ыплас ыкмаларды колдонууну тыюу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Атамбаев таза шайлоо өткөрүүгө каражатты аябоо керектигин, анткени элдин бийликке ишеними шайлоодон көз каранды экенин белгиледи.
Кыргызстанда 25-ноябрда 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын жарыялай элек. (EBM)
Кыргызстанда 25-ноябрда 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын жарыялай элек. (EBM)