Бишкекте бүгүн футбол федерациясынын президентин жана вице-президенттерин шайлоо өттү. Анда бир добуштан президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы делген “Футболду өнүктүрүү корунун” жетекчиси Семетей Султанов шайланды. Шайлоого аз калганда Өмүрбек Кутуев менен Медет Букуев талапкерлигин алып салган эле.
Футбол федерациясынын президенти, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен. Ошондон бери федерацияны чет жерде туруп башкарып, ФИФА жыйындарына, Азия футбол конфедерациясынын иш-чараларына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып жаткан. (EBM)