АКШнын мамкатчысы Кыргызстан да кирген Бажы биримдиги өңдөнгөн долбоорлорду пост-советтик өлкөлөрдү «кайра советтештирүү» аракети деп баалады. «Биз мындай аракеттердин максатын билебиз жана бул аракеттерди жайлатып же аларга жол бербөөнүн жолдорун ойлонуштуруп жатабыз» деди Клинтон Дублинде адвокаттар жана жарандык коомдун сүрөөнчүлөрү менен жолукканда.
Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Клинтондун сөзүн «кырдаалды таптакыр түшүнбөгөндүк» деп баалады. Клинтон ошондой эле АКШ колдогон Орусия, Украина, Беларус, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөгү жарандык коомду криминалдаштыруу аракеттерин сынга алды. Ал экс-советтик өлкөлөрдүн бир катарында өкмөттөр өз саясатын сынга алгандарды кысымга алууну күч алдырып жатканын белгиледи.