Орусияда президент Владимир Путин күч жана коопсуздук агенттиктеринен Түндүк Кавказда тележурналисттин өлтүрүлүшүнө тийешелүү болгондордун бардыгын сот алдына алып келүүнү талап кылды. 28 жаштагы Казбек Геккиев шаршемби күнү Кабардино-Балкариянын баш калаасында атып өлтүрүлгөн эле. Жергиликтүү бийликтер анын өлүмү исламчыл согушкерлердин колунан келди деп болжошууда. Путин менен Сочиде жолуккан Орусиянын акыйкатчысы Владимир Лукин президентти «айрыкча татаал иштерди иликтеп жаткан журналисттердин коопсуздугун камсыздоочу чара» көрүүгө чакырды.