Мындан бир жыл мурдагы тополоңдо жапа тарттык деген жарандардын атынан сотко кайрылган укук коргоочу 12 күнгө эркинен ажырады. Асел Нургазиева кечээ Актау шаарында кармалган. Анын адвокаты бүгүн журналисттерге Нургазиева ошол эле күнү соттолуп, бейбаштык жана камакка алууга каршылык боюнча айыптуу деп табылды. Адвокат анын соттолушун саясий аракет деп баалады. 2011-жылы 16-декабрда мунай жумушчуларынын жети айлык иш таштоосунан кийинки кагылышта полиция 16 кишини атып өлтүргөн.