Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:39

БУУнун климат боюнча сүйлөшүүсү соңуна чыгууда


Бириккен Улуттар уюмуна кирген 200 өлкөнүн өкүлдөрү Катарда жарым айдан бери дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин талкуулашты. Кабарчылардын билдиришинче, бул кесепеттерди жоюнун чыгымын ким көтөрөт деген маселеде пикир келишпөөчүлүктөр келип чыкты. Жыйында саналуу гана өлкөлөр, анын ичинде Беларус менен Украина, булганыч газдын абага ташталышын чектөө боюнча жаңы көрсөткүчтөрдү аткарууга милдеттенме алышты. Дохадагы өлкөлөрдүн көбү абанын төрт градуска ысышына амал жок экендигин, бул көрсөткүчтү эки градуска төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү колдон чыгып кеткендигин айтышты. Окумуштуулар абанын ысышы эки эсеге азайтканда гана эң каргашалуу кесепеттерди алдын алууга болот деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG