Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

"Түштүк агымдын" курулушу салтанаттуу башталды


"Түштүк агым" газ куурунун биринчи бөлүгүнүн курулушунун ачылышы Кара деңиздин түндүк жээгинде өтүп, ага Орусиянын президенти Владимир Путин катышты. Европага газ жеткирүүчү бул куур Кара деңиздин түбү менен Болгарияга барып, андан ары европалык башкы куур системасына кошулат. Курулуштун жалпы чыгымы 16 миллиард 500 миллион евро. Салтанатта "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер бул долбоор орус газынын экспортук көлөмүн көбөйтүүгө кошумча мүмкүндүк берүү менен катар, газ жеткирүүгө кедерги болгон айрым тоскоолдуктардан арылууга мүмкүндүк берээрин белгиледи. Салтанатка германиялык БАСэФ, италиялык ЭНИ, Франциянын ЭдэФ компанияларынын жетекчилери да келди. Түркиянын энергетика министри Танер Йылдыз да салтанатта болуп, бирок анын өлкөсү Орусиядан газ алгысы келген менен, бул курулушка катышууну каалабай тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG