Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Египетте дагы демонстрация өттү


Бүгүн Каирде президент Мохамед Мурсинин кеңсеси жайгашкан ак сарайдын алдында миңдеген демонстранттар чогулду. Аскерлер жана тартип коргоочулар демонстранттардын ак сарайга киришине жол берген жок. Мурси кечээ оппозиция менен жаңы конституциянын долбоорун талкуулоону сунуштап, бирок 15-декабрга белгиленген референдум өтө берет деген. Оппозиция баш мыйзамдын жаңы долбоору түп-негиз укуктарды сактабайт деп ырастап, референдумду кийинкиге калтырууну талап кылууда.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай бүгүн долбоордо «өтө кооптондуруучу» беренелер бар экендигин белгиледи. Бул талаштын айынан улам исламчыл президенттин оппоненттери менен колдоочулары ортосунда кандуу кагылыштар болуп, жүздөгөнү жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG