Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Пакистанда молдолордун үналгылары жабылды

Пакистандын түндүк-батышындагы Хыбер Пахтунвка дубанында ФМ толкунунда обого чыккан 12 радиостанция жабылды. Мунун алдында дубан бийликтери өкмөттүн лицензиясы жок иштеген бардык станциялардын ишин токтотууну талап кылган жардыгы чыккан эле. Дубандын ички иштер бөлүмүнүн өкүлү "Азаттыктын" Пакистан кызматына билдиргендей, Сват ооданындагы аталган үналгы каналдары элди өкмөткө каршы үгүттөгөн мечиттер жана медреселер иштеткен. Эки жылдан кийин өкмөттүк аскерлер борбордук бийликти калыбына келтиргенге чейин Сват өрөөнүндө 2007-жылы талибдер басып алып, шарият киргизишкен.
​
XS
SM
MD
LG