Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Орусияга кирүүгө тыюу салынган америкалыктардын тизмеси даярдалды


Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Алексей Пушковдун маалымат агенттиктерине айтканына караганда, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги адам укуктарын бузгандыгы үчүн Орусияга келүүгө тыюу салынган америкалык жарандардын тизмесин даярдады. Азырынча тизме жашыруун бойдон.
Буга чейин тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Конгресси “Магнитский боюнча акт” деп аталган мыйзамды жактыргандан кийин Орусия дагы тиешелүү кадамдарга бараарын айткан.

“Магнитский боюнча акт” - юрист Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар делген орусиялык аткаминерлерге финансылык жана АКШнын аймагына кирүүгө чектөө коет.

Сергей Магнитский 2009-жылы ноябрда Москванын тергөө абагында киши колдуу болуп өлгөн. Магнитскийдин өлүмү 2009-жылы президенттер Медведев менен Обама түзгөн орус-америкалык комиссиянын алкагында иликтенген.

XS
SM
MD
LG