Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Египет президенти өз жардыгын жокко чыгарды


Египет президенти Мухаммед Мурси өз укуктарын кеңейткен жардыгын жокко чыгарды. Мындай чечим ишембинин кечинде Мурсинин саясий лидерлер менен жолугушуусунан кийин кабыл алынды. Анын басма сөз катчысынын билдиришинче, Мурси Конституциянын жаңы долбоору боюнча 15-декабрга белгиленген референдумду жылдырбай турган болду. Мурсинин оппоненттери президенттин өзүнө дээрлик чексиз бийлик алган жардыгына жана исламчылар көзөмөлдөгөн парламентте жетиштүү коомдук талкуусуз эле конституциянын жаңы долбоору жактырылганына нааразы болуп, бир канча күндөн бери массалык демонстрацияларды уюштуруп келишкен. Мурси оппозицияны диалогго чакырганы менен негизги оппозициялык партиялар бул сунушту четке кагышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG