Маркум журналист Геннадий Павлюктун эстелиги калыбына келтирилип бүттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов “Азаттыкка” билдирди. Эртең адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата эстеликтин ачылышы болот. Павлюктун эстелиги президенттин колдоосу менен кайра калыбына келтирилди.
Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жанында 2010-жылдын 8-октябрында орнотулган колодон жасалган эстелик быйыл 21-майда уурдалган.
Кыргызстандык оппозициялык журналист Павлюк 2009-жылдын 16-декабрында колу-буту байланган бойдон Алматыдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алтынчы кабатынан ыргытылган. Алты күндөн кийин шаардагы ооруканалардын биринде көз жумган. (KKs)