Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Адам укуктарын коргоо боюнча БУУнун сунуштары талкууланат


Бүгүн Бишкекте “Адам укуктарын коргоонун эл аралык механизмдери боюнча сунуштарды ишке ашыруу: жетишкендиктер жана чакырыктар” деген темада тегерек үстөл болмокчу. Анда жарандык коом өкүлдөрү адам укуктарын коргоодо кыргыз бийлиги аткарып жаткан иштер тууралуу пикирлери менен бөлүшөт.

Уюштуруучулардын бекемдешинче, талкууда негизинен аялдардын, жаштардын, түрдүү азчылыктардын, майыптардын, балдардын жана эркинен ажыратылгандардын укуктарына басым жасалат.

Мындан тышкары БУУнун “Жекече ырааттуу баяндама” жараяны тарабынан берилген сунуштарды өлкө кандайча аткарып жатканы тууралуу сөз болот. Бул жараян тарабынан 2010-жылы май айында берилген 162 сунуштун 152син Кыргызстан 2010-жылы майда кабыл алган, алардын кандайча ишке ашып жатканы тууралуу маалымат менен өлкө 2015-жылы Улуттар уюмунун 21-сессиясында тааныштырууга тийиш.

Талкууга эл аралык, жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен катар мамлекеттик бийлик өкүлдөрү да чакырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG