Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Бишкекте жол коопсуздугуна арналган иш-чара өтүп жатат


“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси кечээки дем алыштардан тарта 1-январга чейин “Жаңы жылга – жолдогу жаңы маданият менен” деген аталыштагы үч жумалык акция баштады. Иш-чара Ош базарынын айланасындагы Чүй-Бейшеналиева жана Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиштеринде автомобил айдоочуларды жана жөө адамдарды жолдо жүрүүнүн эрежелерин так сактоого чакыруу менен башталууда. Уюштуруучулар бул жолдордо жүргөн айдоочулар менен жөө адамдардан болгону үч жума эрежени сактоо менен кырсыкты азайтуу, мыйзам бузууларды азайтуу жана жолдо жүрүү маданиятын жогорулатууга чакырышууда.
8-9-декабрь күндөрү “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин ыктыярчылары Ош базарынын айланасындагы жол кесилиштеринде айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө жыл башынан бери жалаң автокырсыктан каза тапкан жана жабыр тарткан балдар тууралуу жазылган китепчелерди таратышты.

Расмий маалыматтар боюнча быйылкы он бир айда жол кырсыгынан каза тапкандардын саны миңге чукулдады, алардын он пайыздан ашууну – балдар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG