Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Бүгүн Евробиримдикке Нобелдин Тынчтык сыйлыгы тапшырылат


Ослодо боло турган салтанатта Нобел комитетинин төрагасы Торборн Яглэнд 1,2 млн. доллар турган Нобел сыйлыгын Евробиримдиктин лидерлерине тапшырат. Салтанатка Германия канцлери Ангела Меркел жана Франция президенти Франсуа Олланд башында турган Евробиримдиктин жыйырмадан ашуун лидери катышмакчы.
Октябрь айында норвегиялык Нобел комитети Евробиримдикке түптөлгөндөн берки 60 жыл ичинде аймакта демократиянын өнүгүшүнө, адам укугунун корголушуна чоң салым кошкону үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгын ыйгарган.

Бул чечимге каршы чыккандар Евробиримдик 1990-жылдары Балканда кан төгүүнү токтото албаганын, биримдик бүгүнкү күнү эң оор каржылык каатчылыкты башынан кечирип жатканын белгилешүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG